• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Туристтик милициянын кызматкерлери чет тилдерди билет – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Туристтик милициянын кызматкерлери чет тил билимин өркүндөтүп турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси Сапарбек Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, бул максатта К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университеттин базасында курстар өткөрүлүүдө.

"Учурда туристтик милициянын кызматкерлери Каракол шаарында иштеп жатат. Июль айында – жайкы сезон кызыган маалда бул бөлүм Ысык-Көл районуна жиберилет. Туристтик милициянын 41 кызматкери англис тилин, төртөө түрк, экөө кытай, экөө француз жана бирөө немис тилин билет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий