• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Туристтик сезон-2019: автотуристтер үчүн стикер жана буклеттер иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы туристтик сезон учурунда коопсуздук жана коомдук тартипти камсыздоого даяр. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында аталган башкармалыктын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, башка мекемелер менен биргеликте туристтик сезон учурунда коопсуздук жана коомдук тартипти камсыздоодо мамлекеттик органдарды координациялоо боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан.

"Туристтик сезондун башталышына байланыштуу инспекторлорго 3 нөөмөт менен иштөө белгиленген. Ошондой эле автотуристтер үчүн стикер жана буклеттерди иштеп чыктык. Анда укук коргоо органдарынын номери, банкоматтардын, тамактануу жайы, мейманканалардын жайгашкан жери тууралуу маалымат камтылган", - деди ал.

Ал белгилегендей, стикер менен буклеттер чек арадагы өткөрмө жайында, аэропорттордо акысыз берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий