• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Туристтик сезон башталды. Милиция айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Туристтик сезонго байланыштуу Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү алыскы каттамга каттоочу маршруттук унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери чыгыш жана батыш автобекеттерге барып, Бишкек шаарынын аймагынан сырткары алыскы аймактарга каттоочу маршурттук унаалардын жана такси кызматынын айдоочуларына туристтик сезондун алдын ала утурлай автоунаалардын техникалык абалын текшерүү менген бирге жол эрежелерин жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жургүзүүдө.

Жолугушууда каттамга чыккан айдоочуларга унаанын техникалык абалы жакшы болуп, керектүү жабдыктар менен камсыз болушу керектигин тууралуу айтылды.

Ошондой эле өлкөдө эпидкырдаал курч болгондуктан жүргүнчүлөрдү жана туристтерди ташуу учурунда алардын коопсуздугу үчуүн маршруттук унаалардын таза жана санитардык эрежелердин так сакталуусу эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий