• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Туризм департаменти 17 номинация боюнча “Kyrgyz Tourism Awards” сынагын жарыялайт

Коом 0


Бишкек, 7-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаменти 17 номинация боюнча “Kyrgyz Tourism Awards” сынагын жарыялайт. Анын жыйынтыгында өлкөдөгү эң мыкты туристтик обьекти, субъекти аныкталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында департаменттин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, туризм экономиканы өнүктүрүүнүн бир тармагы болгонуна байланыштуу, Кыргызстанда акыркы жылдары бул тармактын өнүгүшүнө чоң маани берилип жатат.

“Ал эми “Kyrgyz Tourism Awards” сынагы туризмдин сапатын жакшыртууга аны өнүктүрүүдө дагы бир мүмкүнчүлүк болот. Ошондой эле, сынак туристтик мекемелерге стимул болуп берет”,-деди Жаманкулов.

Байге 17 номинацияга берилет:

1. Эң жакшы инновациялык долбоор;

2. Мыкты туризм окуясы долбоору;

3. Мыкты туроператор;

4. Мыкты конок үйү;

5. Мыкты мейманкана;

6. Мыкты туристтик комплекс;

7. Туризмди алдыга жылдыруудагы мыкты интернет-долбоор;

8. Туризмди алдыга жылдыруудагы мыкты идея;

9. мыкты дипломатиялык өкүлчүлүк;

10. Туризм тармагындагы мыкты окуу жай;

11. Туризмди өнүктүрүүдөгү мыкты аймак;

12. Туризмди чагылдыруудагы мыкты ата мекендик ММК;

13. Туризм тармагындагы мыкты эксперт;

14. Туристтерге жол көрсөтүүчү мыкты адам;

15. Туризм тармагындагы мыкты сүрөтчү;

16. Мыкты курорттук мекеме;

17. Мыкты боз үй шаарчасы.

Маалымдалгандай, сынакка катышуу үчүн арыздар ушул жылдын 12-сентябрына чейин кабыл алынат. Андан соң атайын түзүлгөн комиссия сынакка катышуучулардын эмгектерин баалашат. 27-сентябрда “Kyrgyz Tourism Awards” улуттук наамын тапшыруу аземи уюштурулат.

Арыз жазуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин электрондук дарегине кайрылсаңыздар болот. Бул тууралуу кененирээк маалымат ведомствонун расмий сайтына жайгаштырылган.

Аталган сынакты каржылоо мамлекеттик бюджеттен, донорлордун жана демөөрчүлөрдүн эсебинен каралат.

“Мындай сынактарды биз эки жыл мурун өткөргөнбүз. Бирок 2017-жылдан тартып, ар жылы август жана сентябрь айларында өткөрүп турууну пландап жатабыз”,-деди Жаманкулов.

Пикир

Оставить комментарий