• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Туризм департаменти жоюлушу мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм департаментинин алдындагы туризм департаменти жоюлушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, учурда туризм жаатында өзүнчө көз карандысыз ведомствону түзүү варианты каралып жатат.

“Азырынча ар кандай варианттар каралууда, анын ичинде туризмди өнүктүрүү боюнча өзүнчө Агенттикти түзүү варианты дагы бар”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий