• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Туризм департаментинин башчысы: “Ысык-Көлдүн түштүк жээги этнотуризм борборуна айланат”

Коом 0

Бишкек, 17-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ысык-Көлдүн түштүк жээги этнотуризм борборуна айланат. Мында жай бою ар кандай этно-фестивалдар өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдүн түштүк жээгин этнотуризм багыты катары брендге айлантуу, ошондой эле, улуттук жана көчмөн цивилизацияны жайылтуу керек. Чет элдик туристтер адам буту баспаган, жаратылыш баштапкы түрүндө сакталып турган, табышмактуу жерлерге саякаттоону жактырышат.

“Алыскы чет элден келген көптөгөн меймандар салттары жана үрп-адаттарына кызыгышат. Анткени муну башка өлкөдөн көрө алышпайт. Биз ушундан пайдаланып, аларга мындай шарттарды түзүр беришибиз керек”, - деп, “салбуурун” салттуу аңчылык элементтери, жаачылардын мелдештери жана көк бөрү командаларынын беттештери туристтерди тартат.

Пикир

Оставить комментарий