• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Туризм тармагы жеңилдетилген насыя бериле турган тармактардын катарына киргизилди - Жаманкулов

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Туризм тармагы жеңилдетилген насыя бериле турган тармактардын катарына киргизилди. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, коронавируска байланыштуу туризм тармагындагы жоготуу 80% болот деп болжолдонгон.

"Бүгүнкү күнү кырдаал турукташа баштады. Акырындан чек аралар ачылууда. Түркия менен аба каттамдар жанданды. Россия жана Дубай менен да аба каттам жанданат деп күтүп жатабыз. Ошондо чет элдик туристтер келе баштайт", - деди ал.

Аны менен бирге ал өлкөдө ички туризм өнүгө баштаганын айтып өттү.

"Ысык-Көлдө кырдаал орточо оор. Мен ал жакка барып өзүм көрүп келдим. Курорттордун толушу 50%. Айрым ишкерлер толук кандуу иштеп жатат. Май-июнь айлары текке кетти. Июль айынын ортосунан, августтан тарта иштей башташты. Алар болжол менен 50% киреше алып жатат", - деди ал.

Жаманкулов кыргызстандыктардын арасында тоого чыгып эс алгандар көбөйгөнүн белгилеп өттү.

Ошондой эле ал туризм тармагына жеңилдетилген насыялар берилерин жана башка жеңилдиктер каралышы мүмкүн экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий