• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Туризм тармагын өнүктүрүү үчүн мыйзамдарды жаӊылоо керек - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынында, өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү багытында тегерек үстөл уюштурулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

DFID эл аралык уюмунун колдоосу менен өткөрүлгөн иш чарага парламенттеги аталган комитеттин депутаттары, бир катар министрликтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, туризм жаатында иш алып барган ар кандай уюмдардын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

1999-жылдан бери колдонулуп келе жаткан "Туризм жөнүндөгү" мыйзамды жаӊылоо зарылчылыгы айтылган тегерек үстөлдө Туризм департаментинин статусу башкы маселе катары каралды. Тагыраагы, жаӊы мыйзамда, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагындагы Туризм департаментин өзүнчө агенттик катары кайра түзүү сунушу айтылып, экономикалык багытта иштей турган бул агенттиктин ишмердүүгүн аныктап чыгуу маселеси көтөрүлдү.

Ошондой эле аталган агенттиктин ар бир облуска өкүлчүлүгүн ачуу менен аймактардагы туризмдик шартты жакшыртуу маселелерин колго алууга болорун белгилешти. Алсак, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдумажит Юсуров туризм тармагы өлкөнүн өнүгүшүнүн негизги булагы болушу керектигин айтып, бул жааттагы мыйзамдарды заманбап шартка тууралоо керектигин кошумчалады. Андан сырткары, депутат Ысык-Көлдүн гана алкагында эмес, жалпы өлкөнүн туризм тармагын жакшыртууга багытталган атайын программа иштеп чыгуу зарылчылыгына токтолду.

Жыйын соӊунда Туризм департаментинин статусун кайра карап чыгуудан тышкары, туризмдик тейлөөнүн шартын оӊдоо, каржылык жана адамдык ресурстарды көбөйтүү, "Ачык асман" саясатын ишке ашыруу, өлкөнүн салттуу туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнө коомчулугуна таанытуу менен келген туристтердин санын аныктоо боюнча усулдук ыкмаларды аныктоо тууралуу сунуштамалар кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий