• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Туризм жөнүндө" мыйзам 20 жыл мурда кабыл алынган, азыркы талаптарга жооп бербейт - Максат Дамир уулу

Коом 0

Бишкек, 06.02.19 /Кабар/. "Туризм жөнүндө" мыйзам мындан 20 жыл мурда кабыл алынгандыктан, азыркы талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулу парламентти билдирди.

Анын пикиринде, ушул себепке байланыштуу Кыргызстан дүйнөлүк туризм рыногуна ишенимдүү кире албай жатат.

"Ал кезде туризм тармагынын абалы да, анын өнүгүшүнө түзүлгөн шарт дагы башка эле. Азыр туризм тармагы өлкөнүн эӊ келечектүү тармактарынын бирине айланды. Ошондон улам, Өкмөт тарабынан "Туризм жөнүндө" мыйзамдын жаӊы редакциясы иштелип чыкты", - деди ал.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүүнүн жаңы саясаты аныкталып, туризм тармагындагы коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын орду, алардын ар биринин түздөн-түз иш-милдеттери, укуктары, милдеттери такталганы белгилүү болду. Туризм тармагына байланыштуу "дестинация", "туристтик зона", "туристтик кластер", "кемпинг" деген сындуу бир катар жаӊы түшүнүктөр киргизилди, туризмдин түрлөрү белгиленди.

Экономикалык жана фискалдык комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров мыйзам долбоору тармактык комитетте жандуу талкуу жаратып, анда орчундуу карама-каршылыктар бар экени аныкталганын, ошондон улам аны четке кагуу чечими кабыл алынганын билдирди.

"Мурдагы мыйзам иштеп жатат. Бул мыйзам долбоорун кабыл алсак, туризм тармагын өнүктүрбөй эле, тескерсинче аны артка тартышы мүмкүн", - дейт ал. Аны депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Искандер Гайпкулов да колдоду.

Бир катар депутаттар азыркы шартка байланыштуу мындай мыйзам керек экенин, ошондуктан анын концепциясын колдоп берип, экинчи окуунун жүрүшүндө кетирилген кемчиликтерди оӊдоо зарылдыгын айтышты.

"Мыйзам долбоорун Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети жактырыптыр. Ошондуктан, анын концепциясын колдош керек", - дейт депутат Айнуру Алтыбаева. Мындай пикирди депутат Рыскелди Момбеков да колдоду.

Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги өкүлү дагы депутаттарды мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берүүгө чакырып, экинчи окууда эл өкүлдөрүнүн сунуштамалары эске алына турганын билдирди.

Белгилей кетсек, Өкмөттүн маалыматына караганда, 2015-жылы Кыргызстанга 3 млн турист келсе, 2018-жылы алардын саны 7 млн адамга жеткен. Өткөн жылдын жыйынтыгында, бюджетке туризм тармагынан 130 млн сом каражат түштү. Ошону менен бирге, өкмөт "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын түзүү демилгесин көтөрүүдө. Ал үчүн бюджеттен 50 млн сом талап кылынат.

Пикир

Оставить комментарий