• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Туризмди өнүктүрөлү десек суу жок – айыл өкүлдөрү калктын көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Нарын районунун Шоро айылында ичүүчү суу жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган айылдын өкүлү Рахат Кытапов билдирди.

Анын айтуусунда, 2004-жылы ИӨБнын долбоору боюнча суу өткөрүүгө атайын каражат бөлүнгөн, бирок "Таза Суу" долбоору аны аягына чейин ишке ашыра алган жок.

"Эмнеге мындай болуп калды? Себеби, аз каражат бөлүнүп, система сапатсыз түзүлгөн. Бизде жыл сайын жаз жана күз айларында жаан-чачын катуу жаап, сел жүрүп, суу системасы кирге толуп калат. Айылдын аты эле айтып тургандай бизде шор суу агат. Оңдойлу деп бир нече ирет аракет кылдык, бирок каражат көп талап кылынат экен. Жергиликтүү калктын жардамы менен ремонт кылалы десек, ага да каражат жетпейт. Учурда биз айылга булактан суу алып кирүү үчүн атайын долбоор даярдадык. Өкмөткө кайрылып, донорлорду издеп жатабыз. Таза суу жок болгондуктан айылда бала бакча да жок. Бизди элдин саламаттыгы ойлондурат, жаштар башка жактарга кетип жатат", - дейт Кытапов.

Анын айтуусунда, ошондой эле айылда суугат суу жетишсиз, ирригациялык система ойдогудай эмес. "Жергиликтүү эл айдоо аянттарын кеңейтүүнү каалап жатканы менен суугат сунун жетишсиздиги ойлогон ойду ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт. Андан тышкары, айылда интернет, жол жок. Бир гана телефон аркылуу байланышабыз", - деп кошумчалады Кытапов.

Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл айылынын башчысы Кубат Тотубаев кошумчалагандай, анын айылына көп жылдардан бери көңүл бурулбай келет. "Туризи менен дыйканчылыкты өнүктүрүү үчүн айылдын потенциалы чоң, бирок инфракструктура жок. Асфальт төшөлбөгөндүктөн жайында чаң болуп, жууган кийимдерди үйдүн ичинде кургатууга туура келет. Биздин айыл "Кумтөр" кенине жакын жайгашкан. Нефриттин запасы, ысык суу бар. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартуу керек, бирок азырынча алар жок ", - деп даттанды Тотубаев.

Анын айтуусунда, айыл жашоочулары үйлөрүнө суу киргизүү үчүн насыя алышкан. Бирок түтүктөр ичке болгондуктан, суу жетпейт.

"Насыяны төлөө кыйынга турууда, суу болсо дагы деле жок. Биз этнотуризмди өнүктүрүп, эс алуу үйлөрүн ачууну каалайт элек", - деп айыл тургундарынын көйгөйлөрү тууралуу айтып өттү Тотубаев.

Пикир

Оставить комментарий