• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырат

Өкмөт 0


Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, ал ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Уставдык капиталында 1 млрд сомду түзгөн «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө чечим КР президентинин «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.

Мындан тышкары, фонддун иш-чаралары региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктуранын абалын жакшыртууга, өлкөнүн алыскы аймактарында кошумча жумуш орундарын түзүүгө, калктын социалдык жактан аялуу катмарын, тактап айтканда аялдарды окутуу программаларын жана мастер-класстарды өткөрүү, ошондой эле туристтик жайлардын базасында иш менен камсыз кылууну жогорулатуу аркылуу колдоого, калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, турлардын географиясын кеңейтүү жана алда канча жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик продукцияны түзүүгө, өлкөгө келген туристтердин санын сапаттык жактан көбөйтүүгө жана эл аралык аренада КРнын аброюн көтөрүүгө өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий