• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Туркиянын президенти Эрдоган Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2018-жылдын сентябрь айынын башында расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Тышты иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Ал бул маселе эки жактуу макулдашылгандыгын айтты.

“Бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө. Жакында эле биздин президент Сооронбай Жээнбеков Эрдогандын инаугурациясына катышып келди. Ал жакта жакшы сүйлөшүүлөр болду”, - деп билдирди министр.

Пикир

Оставить комментарий