• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Турмуш-тиричилик тейлөө комбинаты тарабынан 15,5 миң беткап тигилди – Коргоо иштери боюнча комитет

Коом 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин (КР КИМК) Мамлекеттик турмуш-тиричилик тейлөө комбинаты (МТТК) өзгөчө абал киригизилген биринчи күндөн тарта өзүнүн ишмердигин өзгөчө абал режимин камсыз кылуу кызыкчылыгында уюштуруп иш алпарууда. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Комбинаттын өздүк курамы КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 700дөн ашуун жаандан коргоочу жамынма (накидка), өзгөчө абал режимине тартылган блокпосттордогу аскер кызматчылар үчүн 2 миңге жакын ак халат тигип таркатты.

Мындан тышкары, КР Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамын камсыздоо үчүн медициналык бет каптардын тигилиши улантылып жатат жана бүгүнкү күнгө карата комбинат тарабынан 15 500 даана беткап тигилип, ал КР КИМКнын аскердик-медициналык башкармалыгы тарабынан таркатылууда.

Пикир

Оставить комментарий