• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Россиянын Мамлекеттик думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту

Президент 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы Кеңешинин көчмө жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

«Биз союздаш жана стратегиялык өнөктөш болгондуктан, Россия менен кызматташуу биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Россиялык достор менен болгон ар бир жолугушуу биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кошулган салым болот. Ошол эле мезгилде эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин олуттуу маселелерин талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыктын жогорку деңгээлин баса белгилеп, 2017-жылы Вячеслав Володиндин түздөн-түз колдоосу менен Кыргызстандын жана Россиянын жарандарына айдоочулардын улуттук күбөлүгү боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алынганын эске салды.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарап өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча Россия менен активдүү өз ара аракеттешүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Россия Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 6 млрд доллардан ашкан келишимдерге кол коюлганын эске салды.

«Жетишилген келишимдерди толук көлөмдө ишке ашыруунун мааниси чоң. Ошондой эле 2020-жылды биз Кыргызстан менен Россиянын кайчылашкан жылы деп жарыяладык», — деди Президент.

Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбековго Россия Президенти Владимир Путиндин саламын жана жакшы каалоолорун айтты жана Россия менен Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна кирген стратегиялык өнөктөштөр экенин, бул эки өлкө ортосундагы ишенимдин жогорку деңгээлде экенин далилдеп турганын белгиледи.

«Парламенттер аралык кызматташтык чыңдалууда, биз бүгүн Бишкекте ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын жыйынын өткөрөбүз. Кыргызстан 2019-жылы ЖККУга төрагалык кылган өлкө, ошондуктан Парламенттик Ассамблеянын ишинде Сиздин көз карашыңызды жана сунуштарыңызды эске алышыбыз керек, биз бүгүн так ошондой кылабыз», — деп баса белгиледи Вячеслав Володин.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путинге жакшы каалоолорун айтты, ал эми Россия Федерациясынын делегациясынын бардык мүчөлөрүнө ийгиликтерди, жемиштүү иш жана көңүлдүү маанай каалады.

Пикир

Оставить комментарий