• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Турсунали Рустамов Тажикстандын футбол клубунда ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол курамасынын оюнчусу Турсунали Рустамов Тажикстандын "Хужанд" футбол клубунда ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Аталган футбол клубу менен келишим бир жылга түзүлгөн.

Футболчу ал клубда мыкты оюнчулар бар экенин жана көпчүлүгүн тааный турганын айтат.

"Андижан" футболдук клубу менен келишим түзүү үчүн Өзбекстанга келгем. Бирок бир пикирге келе албай койдук. Ошол маалда "Хужанд" клубунан сунуш түшүп калды. Алар Ташкентте машыгууда жүрүптүр. Ал жактан алардын курамында самарканддык "Динамого" каршы оюн ойноп, беттештин башында гол киргиздим", -дейт футболчу.

Белгилей кетсек, "Хужанд" клубу Тажикстандын жогорку лигасында 1992-жылдан бери ойноп келет.

Пикир

Оставить комментарий