• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Турсунбеков: 70%ы бүтүп калган бардык социалдык мекемелердин курулушу аякташы керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Нарын районундагы М.Иманалиев жана Ж.Иманалиев атындагы орто мектептеринин абалы менен таанышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан М.Иманалиев атындагы орто мектепке барган Төрага Чыныбай Турсунбеков билим берүү мекемеси капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экендигине күбө болду. Мектеп директору ашар жолу менен курулган мектеп имараты эскирип, балдардын толук кандуу билим алуусуна тоскоолдук жаралып жатканын маалымдап, бардык шарты менен жаңы имарат курууга көмөктөшүүнү өтүндү. Мындан сырткары, аталган айылда жер алдынан чыккан суулардын деңгээли жогору экендиги айтылып, натыйжада турак-жайлардын жана социалдык мекемелерге коркунуч туулуп жаткандыгы кошумчаланды. Ошондой эле таза суу маселеси да көтөрүлдү. Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков айтылган көйгөйлөр көңүл сыртында калбай тургандыгын белгилеп, тиешелүү министрликтерге жеткире тургандыгын билдирди.

Андан ары Жогорку Кеңеш Төрагасы аталган райондун Эчки-Башы айылында жайгашкан Ж.Иманалиев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушунан кабар алды. Өткөн жылдын мартында башталып, 75%ы бүткөн менен учурда курулушу токтоп турган мектеп имаратын тез арада бүткөрүү керектигин айткан Чыныбай Турсунбеков: “Өкмөттүн 70%ы курулуп бүтүп калган социалдык мекемелерди ушул жылы бүткөрүү тууралуу чечими толук аткарылышы керек”, – деди. Ал эми КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү курулуштун калган 25%ы жаңы жылга чейин бүткөрүлөрүн билдирди. Белгилүү болгондой, курулушка жалпы 65 млн. сом каралып, азыркыга чейин 50 млн. сому жумшалган. Ага ылайык, мектеп жамааты Чыныбай Турсунбековдон жылуулук системасы, трансформатор жана мекеменин тышкы тосмосу үчүн калган 15 млн. сомдон тышкары кошумча дагы 3 млн. сом бөлүүгө көмөктөшүүнү суранышты.

Ошондой эле, эски мектеп имаратында окуп жаткан окуучулар жана мугалимдер жамааты менен жолуккан Төрага, агартуучуларды өтүп кеткен кесиптик майрамы менен куттуктады. Ишинде ийгилик жараткан мугалимдерге, тагыраагы, мектеп директору Гүлүйпа Байсымакова менен биология жана химия мугалими Эльмира Жумаевага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Андан тышкары, жогоруда аты аталган эки мектепке материалдык жардам көрсөттү.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбековдун эки күндүк Нарын облусундагы иш сапарын Жогорку Кеңештин депутаттары жана тиешелүү өкмөт өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий