• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Турсунбеков: Акылман кыргыз эли татыктуу президентти тандап алат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Салтанат Абдраева - Кабар/. Акылман кыргыз эли татыктуу президентти тандап алат. Бул тууралуу ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги №1209 шайлоо тилкесинде өз добушун берип жатып билдирди.

“Бүгүн кыргыз эли алдыдагы 6 жылга карата өз келечегин тандайт. Бүгүнкү күн Кыргызстандын тарыхы үчүн абдан маанилүү. Бүгүн бийлик конституциялык жол менен бир колдон экинчиге өтүп жатат. Бул бүткүл өлкө үчүн абдан чоң окуя”,-деди Турсунбеков.

Анын айтуусу боюнча, акылман кыргыз эли өлкөнү сүрөй турган татыктуу президентти тандайт.

“Кыргызстан бул шайлоо аркылуу аймактарга мисал көрсөтө алат. Биз конституциялык жол менен бийликти кийинки президентке өткөрүп берип жатабыз. Бул тарыхый учур, анткени мындай окуя Борбор Азияда болгон эмес”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий