• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Турсунбеков Арстанбек Буйлаш уулунун айкелинин ачылышына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, улуу акын, көсөм ойчул Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттын алкагында, анын айкелинин ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Даанышман Арстанбек Буйлаш уулунун кыргыз маданиятына кошкон салымын, эл-журту эч качан унутпай тургандыгын эске салган Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Анын руханий мурасы ооздон-оозго айтылып, бүгүнкү доорго жетип олтурат. Мунун себеби, жараткан чыгармаларынын баалуулугунда жана маңыздуулугунда жатат. Айрыкча, Арстанбек бабабыздын кагаз бетине түшүрүлгөн чыгармаларын окуп олтуруп, өзү жашап өткөн доордун терең ойчулу, акылман көрөгөчү экенин баамдоого болот. Анткени, ал жалпы кыргыз элинин турмушунда жаралган оор жагдайларды ыр-күүгө салып, келечегине да өз баасын берип кеткен", - деди.

Ошондой эле, ар кыл талантка ээлик кылган Арстанбек Буйлаш уулунун акындыктан тышкары, күү өнөрүнө да өзгөчө эмгек жумшаганына токтолгон Чыныбай Турсунбеков: "Татаал тагдыр, турмуштук кыйынчылыктар аны ташыркаткан менен баш ийдире алган эмес. Байлык менен бийлик гана эрезеге жеткирбесин далилдеп, адам өзү өнөрү менен да тааныла тургандыгын ал өрнөктүү өмүрү менен көргөзө алган. Тоскоолдуктарга карабай суурулуп чыгып, талантын такшалткан. Кийин, топтогон өнөрү аркылуу өз атасын Кокон бийлигинин каарынан сактап, элинин алкышына ээ болгон. Черткен күүлөрү, айткан дастандары аркылуу жалпы кыргыз-казакка таанылган", - деди. Андан тышкары, Арстанбек Буйлаш уулунун урпактарга калтырган улуу мурасын унут калтырбай, кийинки муундарга жеткирүү зарылчылыгын айткан Чыныбай Турсунбеков, ачылып жаткан анын айкелине кошумча катары Жогорку Кеңештин Төрагасынын жеке фондунан 200 миң сом тапшырды.

Кошумчалай кетсек, улуу акын, кеменгер инсан Арстанбек Буйлаш уулунун айкели Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо гүлбакчасында коюлган.

Пикир

Оставить комментарий