• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Турсунбеков: Бардык курулушу бүтпөй жаткан билим берүү мекемелерин тез арада бүткөрүү зарыл

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жалал-Абад облусундагы эки күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Көл шаарында жайгашкан №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бир эле имараты салынып, экинчи имаратынын курулушу 1990-жылдан бери бүткөрүлбөй келе жаткан аталган мектепти көрүп чыккан Төрага Чыныбай Турсунбеков, имаратты тез арада бүткөрүү керектигин белгилеп: “Өлкөнүн келечеги билимдүү жаштардын колунда. Андыктан, бардык курулушу бүтпөй жаткан билим берүү мекемелерин тез арада бүткөрүү менен окуучулардын татыктуу тарбия алышына өбөлгө түзүшүбүз зарыл. Мамлекет балдардын жаркын келечегинен эч нерсе аябаш керек”, – деди. Шаардык бюджеттен мектепти бүткөрүүгө каражат жетпей жатканын уккан Чыныбай Турсунбеков, имараттын курулушун мэриянын балансынан чыгарып КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүү керектигин билдирди. Кабыл алынган мындай чечимден кийин курулушту улантуу мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Андан соң Төрага Чыныбай Турсунбеков мугалимдер жамааты менен жолугуп, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Директорго материалдык жардам тапшырып, алдыңкы мугалим Байышбек Мусуралиевди Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Эскерте кетсек, №4 Д.Шопоков атындагы орто мектеби 635 окуучуга ылайыкташтырылып, 1980-жылы курула баштаган. Бирок, бир эле имараты бүткөрүлүп, экинчи имараты спорт залы менен кошо бүтпөй калган. Натыйжада 70%ы гана бүткөн экинчи имарат жылдан жылга эскирип, абалы начарлап барат.

Пикир

Оставить комментарий