• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Турсунбеков белгилүү дарыгер М.Мамакеевди 90 жылдык мааракеси менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Кыргыз Эл баатыры, белгилүү дарыгер Мамбет Мамакеевдин 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Улуу улукманды мааракеси менен куттуктаган Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Чыңгыз Айтматов адабиятыбыздын алпы болсо, кыргыз медицинасынын сыймыгы Мамбет Мамакеевич эсептелет. Анткени бул инсан өмүр бою ажал менен күрөшүп, адамдардын саламаттыгы үчүн алпурушту. Күнүгө ондогон операцияларды жасап, далайлардын өмүрүн узартууга себепчи болду. Эмгеги менен элдин сыйына татыган мындай инсан кылымда бир жаралат”, – деди.

Ошондой эле Төрага Мамбет Мамакеевдин дарыгерликтен тышкары мыкты педагог экенине да токтолуп: “Сиз өзүңүз алектенген улуу жолдо, көптөгөн шакирттерди тарбиялап, атактуу дарыгер кылып өстүрдүңүз. Уучуңуздун мындай уланышы элибиздин эртеңи үчүн өтө керек. Себеби, сизден тарбия алып, тажрыйба үйрөнгөн шакирттериңиз да өзүңүздөй жарандарыбыздын саламаттыгына кам көрөт деген ишеничим чоң”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин жана жеке өзүнүн атынан куттуктоо китепчесин тапшырган Чыныбай Турсунбеков: “90 жылдык торколуу тоюңуз кут болсун! Дөөлөтүү карылыкта, жакындарыңыз менен узак өмүр жашаңыз” деген тилегин билдирди.

Белгилей кетсек, белгилүү дарыгер, Кыргыз Эл баатыры Мамбет Мамакеевдин быйыл 90 жылдык мааракеси эл аралык деңгээлде белгиленүүдө.

Пикир

Оставить комментарий