• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Турсунбеков билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, төраганын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

"Урматтуу мугалимдер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

“Окуу — түндө алдыңдагы шам чырак, билим алсаң маңдай ачык жаркырап”, – деп улуу ойчул, даанышман бабабыз Жусуп Баласагын айткандай, адамзатты алга сүрөп, жаркын келечекке жетелеген анын алган билими экени талашсыз чындык. Мына ошол шам чырак болгон билимдин билигин жагып, бизге таалим-тарбия берген мугалимдер ата-энебизден кийинки эле акыл кошор тирегибиз. Алардын берген тарбиясы келечегибиздин пайдубалы. Айрыкча, азыркы заманбап доордо агартуучулардын мааниси өтө зор. Анткени, ошол өнүгүү агымына дагы мугалимдин жардамы менен кадам таштайбыз. Ал тургай космосту багындырам деген чыгаан адис дагы мугалимдерден “а” тамгасын үйрөнүп, ааламды багынтууга жол алат.

Ардактуу агартуучулар!

Сиздер мөмөлүү дарак сыяктуу окуучуларыңарды өз балаңардай бапестеп, алар үчүн капа болуп, кайгырасыздар! Жакшы окуганына сүйүнүп, артта калганына күйүнөсүздөр. Күн сайын таң эрте мектеп босогосун окуучулар толук аттап, татыктуу тарбия-билим алышса деген изги тилек, асыл максат менен аттаарыңыздарды жакшы билебиз. Кааларым окуткан окуучуларыңар эл кызматын аркалап, ары татаал, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесибиңердин үзүрүн көрүңүздөр. Сиздердин эмгек эч нерсеге теңелгис десем жаңылышпайм. Ал эми мамлекет сиздердин келечек муун үчүн камкордугуңуздарга зарыл болгон баардык шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.

Кымбаттуу мугалимдер!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Кажыбас кайрат, саламат өмүр тилейм! Жакындарыңыздардын жанында ар дайым бар болуңуздар! Үмүт-тилегиңер акталып, агартуучулук милдетиңиздерди сыймыктануу менен улантыңыздар!".

Пикир

Оставить комментарий