• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Турсунбеков бир катар өлкөлөрдүн акыйкатчылары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарында уюштурулган Акыйкатчылардын эл аралык форумуна катышып жаткан бир катар өлкөлөрдүн улуттук укук коргоо мекемелеринин жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков өткөрүлүп жаткан форумдун маанилүүлүгүнө токтолуп КМШ мамлекеттеринин гана эмес, алыскы чет өлкөлөрдүн да укук коргоочуларынын башын бириктирген эл аралык акыйкатчылар бирикмесин түзүү демилгесинин актуалдуулугун баса белгиледи. «Улуттук укук коргоо мекемелеринин жетекчилерин бир аянтка чогултуу менен адам укугун коргоо жаатында биргелешип иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», -деди Чыныбай Турсунбеков.

Андан тышкары, тараптар жарандардын шайлоо укугун ишке ашыруу маселелерин да талкууга алып, пенитенциардык системаны реформалоо багытында баарлашты.

Эске салсак, аталган жолугушууга Австриянын, Түркиянын жана Кыргызстандын акыйкатчылары, Россия Федерациясы менен Өзбекстандын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Казакстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, ошондой эле, БУУнун адам укугу боюнча тиешелүү комитетинин жетекчиси катышты.

Пикир

Оставить комментарий