• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЖКда өкмөт мүчөлөрү ант беришти (тизме)

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.09.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт мүчөлөрү элдин жана президент Алмазбек Атамбаев алдында ант беришти.

Ант берген КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү:

  • КР Премьер-министри – Сапар Исаков;
  • КР биринчи вице-премьер-министри – Толкунбек Абдыгулов;
  • КР вице-премьер-министри – Дүйшөнбек Зилалиев;
  • КР вице-премьер-министри (социалдык блок) – Чолпон Султанбекова;
  • КР вице-премьер-министри (коопсуздук блогу) – Темир Жумакадыров;
  • КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев;
  • КР тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;
  • КР ички иштер министри – Улан Исраилов;
  • КР юстиция министри – Уран Ахмедов;
  • КР каржы министри – Адылбек Касымалиев;
  • КР экономика министри – Артем Новиков;
  • КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;
  • КР транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов;
  • КР өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов;
  • КР билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;
  • КР саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Баатыралиев;
  • КР маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков;
  • КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова;
  • КР улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Абдил Сегизбаев;
  • КР коргоо иштери бонча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Мирбек Касымкулов;
  • КР өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Улан Рыскулов;
  • КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов.

Экономика министри Артем Новиков кыргыз тилинде ант берди. Мурда өкмөт башчылыкка Сапар Исаковдун талапкерлиги каралып жаткан учурда жыйында депутат И.Масалиев Новиков кыргыз тилин билбей тургандыгын айткан. Бирок С.Исаков Новиковго кыргыз тилин үйрөтө тургандыгын билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий