• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Турсунбеков дипломатиялык миссиясын аяктап жаткан АКШ элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Бүгүн, 25-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Чыныбай Турсунбеков элчи Шейла Гуолтнинин Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнө кошкон салымы зор экенин баса белгилеп: "Элчи катары эки элдин 26 жылдык достук мамилесин татыктуу улантууга көмөкчү болдуӊуз. Бир катар маанилүү иш-чаралардын башында туруп, мамлекетибиздеги демократиялык жаӊыланууларга байланышкан долбоорлорду ишке ашырууга көп жардам бердиӊиз. Айрыкча, Жогорку Кеӊеш менен тыгыз кызматташууга кылган далалатыӊыз үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деди.

Ошондой эле, Төрага өлкөдөгү демократиялык жетишкендиктерге токтолуп: "Кыргызстан тандап алган парламенттик-демократиялык жол - башкаруу түзүмүндөгү теӊ салмактуулукту камсыздап, мамлекеттин туруктуу өнүгүшүн шарттады. Кыргыз элинин каада-салты менен үрп-адатына жакын болгон аталган системаны мындан ары да демократиялык негизде өнүктүү биздин башкы максатыбыз. Бул жаатта жетишкендиктерибиз арбын. Алсак, жаӊы технологиялардын жардамы менен өткөрүлгөн шайлоолор ачык-айкындуулугу менен өлкө жарандарынын эле эмес, эл аралык коомчулуктун да жогору баасына татыды. Быйылкы Президенттик шайлоо өнөктүгү да таза жана акыйкат өтөт деген ишеничтебиз",- деп кошумчалады.

Андан тышкары, Жогорку Кеӊештин 2021-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы тууралуу да учкай кеп кылган Чыныбай Турсунбеков: "Бул стратегия парламенттин натыйжалуу иш алып барышына негизги жол карта болуп берет", - деп билдирди.

Өз кезегинде Шейла Гуолтни аймактагы демократиялык жетишкендиктери жана меймандос эли менен өзгөчөлөнгөн өлкөдө иш алып баргандыгы үчүн сыймыктанарын билдирип: "АКШ Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты кеӊейтүүгө кызыкдар. Биз бул өлкөнү демократиялык өнүккөн мамлекет катары көрүүнү каалайбыз", - деди. Ошондой эле, эгемендүүлүктү алган жылдардан бери Кыргызстанга АКШ 2 миллиард доллардан ашуун көлөмдө жардам көрсөткөнүн айткан элчи айым, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба сыяктуу бир катар тармактар боюнча калыптанып калган байланыштар мындан ары да улантыларына ишеним артарын билдирди.

Андан тышкары жолугушууда, эл аралык коопсуздук маселеси да көтөрүлүп, терроризм жана экстремизге каршы биргелешип күрөшүү зарылчылыгы талкууланды.

Эскерте кетсек, Шейла Гуолтни Кыргызстанга элчи болуп 2015-жылдын август айында дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий