• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Турсунбеков: Эне тилибиздин келечеги – элибиздин келечеги

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач иш-чаранын катышуучуларын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктаган Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Эзелтен берки элибиздин жан дүйнөсүн, ой-кыялын чагылдырып, жашоо-турмушун улантууда кыргыз тилинин мааниси жогору. Андыктан, анын мындан аркы келечеги үчүн баарыбыз кам көрүшүбүз керек. Айрыкча, күнүмдүк жашоодо болобу, иш-кагаздарын жүгүртүүдө болобу мамлекеттик тилди колдонууну жайылтуубуз абзел. Анткени, эгемен мамлекетибиздин башкы байлыгы бул тилибиз. Эне тилибиздин келечеги – элибиздин келечеги”, – деди.

Ошондой эле, Төрага кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча бир катар иштер жасалып жатканына токтолуп: “Жогорку Кеңеш тарабынан мамлекеттик тилдин макамын жогорулатуучу бир катар документтер кабыл алынып, Өкмөттүн каржылык жактан колдоосу да жыл сайын арбып барат”, – деп билдирди. Буга мисал катары Кыргызстандын аймагында иш алып барган телеканалдардын чыгарган материалдарынын 60%га чейинкиси мамлекеттик тилде болушу керектигин аныктаган мыйзам иштелип чыкканын кошумчалады.

Андан тышкары, Чыныбай Турсунбековдун айтымында аткаруу бийлиги тарабынан “Кыргызтест” долбоорун ишке ашыруу багытында тиешелүү жумуштар жасалышы керек. “Аталган программанын алкагында мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарга талапкерлерди тандоодо, алардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы иштелип чыгат”, – деди ал.

Сөзүнүн аягында Төрага Чыныбай Турсунбеков, кыргыз тилин өнүктүрүү максатында КР Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияга 200 миң сом тапшырды.

Салтанаттуу иш-чара атайын майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий