• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Турсунбеков: "Кыргызстан менен Россия эски достор жана ишенимдүү өнөктөштөр"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Бүгүн, 28-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин баштаган эки өлкөнүн парламент депутаттары кеӊейтилген чөйрөдө жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар мамлекеттер аралык саясий-экономикалык алакалардын учурдагы абалына токтолушуп, парламенттер аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Россия Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин белгилеп: "Эки өлкө ортосундагы байланыштардын тарыхын караганыбызда, тыгыз кызматташтыкка багытталган көп тармактуу алака тынымсыз улантылып келгенин байкоого болот. Айрыкча мен Кыргызстан менен Россия эски достор жана ишенимдүү өнөктөштөр экенин канааттануу менен белгилегим келет. Мына ушундай салттуу достук мамилелерди улантуу баарыбыздын милдетибиз", - деди.

Ошондой эле, Россия Федерациясы менен болгон алаканы арттыруу Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыттардын бири болуп кала берерин белгилеген Жогорку Кеӊеш Төрагасы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жакында эле болгон Москвадагы мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-орус достугун даӊазалаган бир катар келишимдер кабыл алынганын эске салды. Буга кошумча катары, Россия Кыргызстандын 240 млн. доллар карызын толугу менен кечкендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан тышкары, экономикалык кызматташтык мамлекеттер аралык байланыштардын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин айткан Чыныбай Турсунбеков: "Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү күндөн күнгө артып барат. Өзгөчө Евразиялык экономикалык бирликтин алкагындагы экономикалык байланыштар жакшы жыйынтык берүүдө. Бирок, көйгөйлөр да жок эмес. Андыктан, биримдиктин алкагында соода байланыштарына тоскоол жараткан жагдайларды жоюу жаатында биргелешип иш алып баруу зарылчылыгы турат", - деп кошумчалады. Ал эми эки элдин достугун жана көп тармактуу өнөктөштүгүн мыйзамдык жактан колдоого алуу парламенттердин башкы милдети экенин баса белгилеген Чыныбай Турсунбеков, бул жааттагы байланыштарды да кеӊейтүү керектигине токтолду.

Ошондой эле, Төрага терроризм жана диний экстремизм менен биргелешип күрөшүү зарылчылыгын белгилеп: "Россия Кыргызстандын саясий-экономикалык өнөктөшү гана эмес, коопсуздук жаатында да тыгыз кызматташкан боордош мамлекет. Кооптуу чакырыктарга каршы биргелешип иш алып баруу менен аймактагы коопсуздукту коргоого гана салым кошпостон, дүйнөлүк тынчтыкка да өбөлгө түзө алат", - деди.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин кыргыз парламентинин эки өлкөнүн мамилелерин чыӊдоого кошкон салымы жогору экенин белгилеп: "Эки элдин жыргалчылыгына багытталган тыгыз кызматташтыкты мыйзамдык жактан колдоого алуу – биздин башкы максаттарыбыздын бири. Айрыкча, өз ара түшүнүшүүнүн алкагындагы байланыштарды арттыруу биздин асыл ишибиз болушу шарт", - деди.

Мындан сырткары, жолугушууда миграция саясаты да талкууга алынып, тараптар Россияда иштеген кыргыз жарандарына түзүлгөн шартты жакшыртуу маселесине да токтолушту. Ал эми айыл чарба багытындагы байланыштар тууралуу сүйлөшкөн жолугушуунун катышуучулары, аймактар аралык кызматташтыкты кеӊейтүү менен ал жакта өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын экспорттоо ишин колго алуу керектигин да белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий