• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Турсунбеков кыргызстандыктарды Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кыргызстандыктарды бүгүнкү Көз карандысыздыктын 26 жылдыгы менен куттуктады.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, төраганын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август, өлкөбүздүн эгемендүүлүк майрамы – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Кайталангыс карт тарыхка ээ кыргыз эли кылымдар бою эркиндик үчүн күрөшүп, Барсбек бабабыз баштап кеткен эгемен жолду улантып келишет. Бирде толуп, бирде бөксөрүп турса да, ар убак айбаттуу Азиянын арстандары аталышкан. Тарых бүктөмүндө унут калбастан уюткулуу улут катары калыптанып, даӊктуу тарыхый узун жолду басып өтүшкөн. Дүйнөдө теӊдеши жок Манас эпосун жалпы адамзатка мураска калтырып, бийиктикке умтулган көчмөн маданиятты түптөшкөн. Андыктан, бабалардын баскан изин унутпай, алар баштап кеткен жолун мурастап калуу баарыбыздын милдетибиз. Айрыкча, мындан жыйырма алты жыл мурун, дал ушул күнү кайра калыбына келген эркиндигибиз - биздин башкы байлыгыбыз.

Албетте, бул жылдар аралыгында эгемен Кыргызстаныбыз өтө татаал жолду басып өттү. Өлкө башчыларынын өзүм билемдигинин арты менен элдин эркиндигине коркунуч туулган учурлар да арбын болду. Бирок, 2005-жылдын 24-мартында, 2010-жылдын 7-апрелинде адилеттик үчүн, келечектүү мамлекет үчүн карапайым мекендештерибиз жан үрөп күрөшүп, күч менен эки жолу бийлик алмашты.

Ал эми эгемен мамлекетибиздин алгачкы барагын ачып, андан кийинки бардык жаӊыланууларга күбө болгон Жогорку Кеӊеш да бир катар саясий бурулуштардын башатында турду. Өлкөнүн келечегине зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алуудан тышкары, улуттук кызыкчылыкты жана жарандардын укугун коргоо багытында да арбын иштерди аткарды.

Айрыкча, 2010-жылдан баштап парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап алган Кыргызстанда Жогорку Кеӊештин жоопкерчилиги да жогорулап, парламентке бийликти бир колго топтогон авторитардык башкаруу системасынан тажаган коомчулуктун көксөгөнүн аткаруу милдети жүктөлдү. Мындай өзгөрүүлөргө кыргыз эли гана эмес, жалпы дүйнө коомчулугу жакшы баасын берип келет. Бул да болсо, эркиндикти эӊсеген элибиздин жеӊиши десек болот. Ошондой эле, акыркы жылдары бардык тармактарда жаӊылануулар жүрүп, өлкөдөгү көйгөйлөрдүн өзөгүн түзгөн шайлоо өнөктүгү өзгөрдү. Биометрикалык маалыматтарга жана заманбап технологияларга негизделген шайлоо системасы калыптанып, акыркы тандоо жараяндары таза өткөндүгү менен эсте калды. Буюрса, быйылкы өтө турган өлкөдөгү ири иш-чара - Президенттик шайлоо да ачык-айкын, мыйзамдуу өтөт деген ишеничтемин. Буга жалпы коомчулук бирдей аракет көрүшүбүз керек.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Дагы бир жолу сиздерди эгемендүүлүгүбүздүн 26 жылдыгы менен куттуктайм! Асманыбыз бүркөлбөй, түндүгүбүздөн күн нуру чачыраган кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин! Өлкөдө тынчтык өкүм сүрүп, кыргыз эли кырсыктардан алыс болсун! Көп улуттуу мамлекетибизде биримдиктин ыры ырдалып, наристелердин кубанычтуу күлкүсү ар дайым жаӊырып турсун!"

Пикир

Оставить комментарий