• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Турсунбеков кышка даярдык, чек ара жана Памир кыргыздарынын Нарынга көчүрүп келиши тууралуу айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлдөрү көтөргөн бир катар маселелерге токтолгон Төрага Чыныбай Турсунбеков, Өкмөт өкүлдөрүн аларга көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, ар кандай маселелер учурунда айтылган кышкы даярдык маселеси тууралуу Чыныбай Турсунбеков: “Көмүр камдоону тездетип, табияты катаал алыскы аймактардагы кышкы даярдыкты ыкчамдатуу керек. Анткени, өткөн аптада Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы иш сапарым учурунда көпчүлүк жергиликтүү тургундар көмүрдүн аздыгын жана анын наркынын кымбаттыгын айтышты. Андыктан Нарында былтыр катталган көмүр жетишсиздиги көйгөйүндөй маселе дагы жаралбаш үчүн Өкмөт буга өзгөчө көңүл бурушу зарыл”,– деди.

Андан тышкары, кыргыз-казак чек арасындагы абалга да токтолгон Жогорку Кеңеш Төрагасы, бул маселе боюнча жакында эле Санкт-Петербург шаарында уюштурулган ЖККУ жана КМШ Парламенттер аралык Ассамблеяларынын кезектеги жыйындарынын алкагында Казакстан парламентинин Межлисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин менен сүйлөшкөндүгүн маалымдады.

“Нурлан Зайруллаевич да эки өлкө бир бирикмеде экенин белгилөө менен чек аралар жабылбай тургандыгын айтып, учурдагы көйгөйлөр Казакстан Өкмөтү тарабынан чек арадагы мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы жүргүзүлүп жаткан чара экендигин билдирди. Андыктан мен да аталган маселе жакынкы аралыкта чечилет деген ишеничтемин”, – деди Чыныбай Турсунбеков.

Ошондой эле Төрага алгачкы ирет Памир кыргыздарынын Нарынга көчүрүлүп келиши колдоого алынарлык жакшы көрүнүш экендигин белгилеп: “Эми биз алардын мындан аркы жашоосуна кам көрүшүбүз керек. Билим алуусуна жана жаңы жерде көнүп кетишине бардык шартты түзүп, муктаждыктарын камсыздашыбыз зарыл”, – деди.

Пикир

Оставить комментарий