• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Турсунбеков Кытайдагы жардырууга байланыштуу көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжан Дэцзянга Кытайдын Цзянсу провинциясынын Фэнсянь шаарындагы көптөгөн адамдардын, айрыкча, балдардын өмүрүн алган жардырууга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбековдун көңүл айтуу текстин келтиребиз:

“Улуу даражалуу Чжан Дэцзян!

2017-жылдын 15-июнундагы Цзянсу провинциясынын Фэнсянь шаарындагы көптөгөн адамдардын, айрыкча, бала бакчадагы балдардын өмүрүн алган кайгылуу окуя тууралуу кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына чын дилден кайрат айтам жана жаракат алган жарандардын тез арада сакайып кетишин тилейм.

Пикир

Оставить комментарий