• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Турсунбеков Нарын шаарындагы №10 мектепке барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Кечээ, 11-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарын облусундагы иш сапарынын экинчи күнүн Нарын шаарындагы №10 мектепте улантты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой аталган билим берүү мекемеси 1992-жылы соода борборунун имаратынын базасында ачылган. Ага ылайык, учурда окуп жаткан 608 окуучу мыйзамдар менен белгиленген стандарттарга жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген мектепте билим алууга мажбур. Андан тышкары, жыйындар өтүүчү жана спорттук залдары жок, сабак өтүүгө кабинеттер жетишпейт. Буга кошумча тиешелүү министрликтерден алынган авариялык абалда деген корутундулары да бар.

Бул маселе, Төрага Чыныбай Турсунбековдун Нарын шаарындагы мындан мурунку иш сапарында да көтөрүлүп, типтүү мектеп салуу боюнча керектүү тапшырмалар берилген.

Мэрия тарабынан мектеп салынуучу жер аныкталып, чегерилген. Андыктан, мектептин абалын көрүп чыккан Жогорку Кеңеш Төрагасы тийиштүү министрликтерди тез арада маселеге көңүл буруп, жаңы окуу имаратын курууну ыкчамдатуу керектигин билдирди. “Өлкө келечеги жаштардын колунда экенин эске алуу менен алардын бүгүнкү билим-тарбиясына өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл. Айрыкча, мектептердеги шартты жакшыртып, окуучулардын татыктуу билим алуусуна кам көрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керек”, – деди Төрага.

Буга кошумча, мугалимдер жамааты менен да жолуккан Чыныбай Турсунбеков аларды өтүп кеткен кесиптик майрамы менен куттуктап, мектепке материалдык жардам көрсөттү. Ошондой эле окуу мекемесинин директору Оморова Ырысбүбүгө агартуучулук ишиндеги ийгиликтери үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырып, химия мугалими Сасыкулова Турсунду Төраганын энчилүү сааты менен сыйлады.

Белгилей кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбековдун эки күндүк Нарын облусундагы иш сапарын Жогорку Кеңештин депутаттары жана тиешелүү өкмөт өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий