• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Турсунбеков: Облус борборлорунун инфраструктурасына өзгөчө көңүл буруу зарыл

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков кечээ, 11-октябрда Нарын шаарын кыдыруу учурунда, шаардык Ж.Шералиев атындагы көчөнүн оңдоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Аталган көчөнүн алдынан өткөн шаардын негизги суу түтүктөрү акыркы учурларда авариялык жагдайларга кептелип, эскилиги жеткен түтүктөрдүн айынан шаар калкына суу берүү үзгүлтүккө учурап келген. Ага ылайык, бул маселени 2017-2018-жылдары эски суу түтүктөрүн жаңыртуу жана таза суу жетпеген аймактарга таза сууну жеткирүү максатында Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу каржыланган долбоордун негизинде чечүү мерчемделген.

Төрага Чыныбай Турсунбеков аталган көйгөйдүн айынан курулушу кечеңдеп жаткан көчөнү ыкчам бүткөрүү үчүн суу түтүктөрүн тез арада алмаштыруу керектигин билдирди. Бул үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 8-июлда ратификацияланган Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен болгон макулдашуунун жол-жоболорун убагында аткаруу аркылуу аткарылчу жумуштарды ылдамдатууга чакырды.

Андан соң Төрага Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына барып, аталган жайдын реконструкцияга муктаж бөлүгү менен таанышты. Шаардын архитектура башкармалыгынын өкүлү адистер тарабынан заманбап стилдеги эскизи даярдалганын билдирип, жалпысынан жаңылоо иштерине 20 млн. сом керектелерин маалымдады. Бирок, долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттин тартыштыгы жол бергендигин кошумчалады.

Ал эми Төрага Чыныбай Турсунбеков шаардын көркүнө көрк кошуп, жарандардын улуу инсан Т.Усубалиев тууралуу толук маалымат алуусуна мүмкүнчүлүк түзүүчү бул аянттын реконструкциялоо ишине Өкмөт да кол кабыш кылуусу керектигин белгилеп, маселени тиешелүү министрликтерге жеткире тургандыгын билдирди. “Облус борборлору ошол аймактын жүзү. Андыктан, мындай шаарлардын инфраструктурасына өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл” – деди ал.

Белгилей кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбековдун эки күндүк Нарын облусундагы иш сапарын Жогорку Кеңештин депутаттары жана тиешелүү өкмөт өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий