• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Турсунбеков: Президент болууга татыктуулар көп

Саясат 0

Бишкек, 31-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкер болуу оюнан тажрыйбалуу саясатчылардан, оппозиционерлерден кеңеш алгандан соң баш тартканын бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн маалымат жыйын берип, анда ал президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди.

“Мен мурда демократияга ишенгендигим үчүн президенттик шайлоого талапкерлигимди коеюн дегем. Бирок, мен бул идеядан тажрыйбалуу саясатчы, оппозиция өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин баш тарттым. Себеби бүгүнкү күнү президент болом дегендер жана президент болууга татыктуулар көп. Мындан улам мен төрагалык кызматымда калууну чечтим”,-деди спикер.

Мындан тышкары Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкерлигин коюу пикирин билдирген соң анын үстүнөн каралоолор, кара пиар башталганын кошумчалады. Спикер анын талапкер болуу пикиринен айрымдар коркконун айтты.

Турсунбеков буга чейин президенттикке талапкер болуу оюн билдирген болчу.

Кийинчерээк “КСДПнын” съездинде партия бир добуштан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогон. Анда Чыныбай Турсунбек сөз сурап, талапкерлигин кое турганын билдирген, бирок аны партиялаштары колдогон эмес. Фарид Ниязов, ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев дагы партиянын чечимин колдобогондор “КСДПнын” катарынан чыгарылат деп так кесе айткан.

Пикир

Оставить комментарий