• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Турсунбеков: "Россия Кыргызстандын алмашкыс, ишенимдүү өнөктөшү болгон жана боло берет"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Бүгүн, 28-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ЖКМ өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Журналисттердин суроолорун жооп берип жатып, Төрага Чыныбай Турсунбеков россиялык кесиптеши менен болгон тар жана кеӊейтилген чөйрөдөгү жолугушуулар жылуу жана достук маанайда өткөнүн маалымдады. Аталган сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки тараптуу кызматташтыкка тиешелүү бир катар маселелер талкууланганын айткан Төрага: "Бул жолугушуу дагы бир жолу көп тармакты камтыган эки мамлекеттин мамилеси тынымсыз жана сапаттуу өнүгүп жаткандыгын далилдеди", - деди.

Ошондой эле жолугушууда бардык тармактар боюнча, анын ичинде эмгек миграциясы жана товарларды ташуу алкагындагы кызматташтыкты кеӊейтүү маселелери талкууланганын кошумчалаган Чыныбай Турсунбеков: "Бүгүн жетишилген келишимдер эки тараптуу алакалардын өнүгүшүнө өз салымын кошот", - деген оюн билдирди.

Парламенттер аралык байланыштар да башкы маселе катары каралганын айткан Жогорку Кеӊеш Төрагасы, Кыргызстан менен Россиянын парламенттери эки тараптуу мамилелердин өнүктүрүүгө жана чыӊдоого көп көмөк берип жаткандыгын белгиледи. Андан тышкары, ушул жылы кыргыз-орус дипломатиялык байланыштарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы белгиленерин маалымдап: "Россия Кыргызстандын алмашкыс, ишенимдүү өнөктөшү болгон жана боло берет", - деди.

Өз кезегинде Вячеслав Володин кыргыз тараптан айтылган бир катар маселелер жана көйгөйлөр талкууланганын маалымдап: " Кыргызстан Россия үчүн маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп эсептелет жана биз бул тууралуу дайым айтып келебиз", - деп кошумчалады.

"Биздин парламенттик алкактагы байланыштарыбыз толук маӊызга ээ" - деген Вячеслав Володин Чыныбай Турсунбеков менен болгон жолугушууда тараптар парламенттик комитеттердин биргелешкен жыйындарын өткөрүү зарылчылыгын белгилешкенин маалымдады. "Аталган иш-чаралардын негизинде миграциялык саясат, эл аралык жүк ташуу, Кыргызстандын, Россиянын жана башка өлкөлөрдүн адистерин окутуу маселелерин кароо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул биздин өлкөлөрдүн кызматташтыгын гана жакшыртпастан, бир катар стратегиялык маселелерди чечүүгө да жардам берет",- деди ал.

Ошондой эле В.Володин: "Эки өлкө башчылары кабыл алган чечимдерди ишке ашырууну камсыздоо багытындагы парламенттер аралык өнөктөштүктү достук, кызматташтык жана өз ара ишенимдин негизинде түзүп жатабыз", - деп билдирди. Ал эми парламенттер аралык байланыштарга токтолгон Мамлекеттик Думанын Төрагасы: "Бардык келип чыккан маселелер иш тартибинде чечилет", - деди.

Андан соӊ ЖМК өкүлдөрү бир катар суроолорун узатышып, анын ичинде Сирияга кыргыз тынчтык орнотуучуларын жөнөтүү тууралуу маалымат боюнча пикирлерин сурашты. Төрага Чыныбай Турсунбеков бул жаатта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен пикирлеш экендигин белгилеп: "Биздин саясат Президенттики менен бирге жана мен анын айтканын толук колдойм" - деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий