• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Турсунбеков саламаттыгынан жабыркаган эки наристенин дарылануусуна каржылык жардам көрсөттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. Төрага Чыныбай Турсунбеков Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы иш сапары учурунда саламаттыгынан жабыркап жаткан эки наристенин дарылануусу үчүн жеке резервдик фондунан 100 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон районундагы Акман айылынын тургуну Равшанбек Матисаковдун бешинчи уулу Жумабек ушул жылдын 26-майында татаал операцияны талап кылган – “Кежиге энцефалоцелит” деген дарт менен төрөлгөн. Дарыгерлер ымыркай өтө жаш болгондуктан операцияны көтөрө албастыгын айтып, октябрь айынан баштап дарылоого болорун билдиришкен.

Ал эми Кочкор районундагы Теңдик айылынын жашоочусу Нурбек Муканбеталиевдин уулу Айас Исагалиев да туубаса кулак оорусуна чалдыгып, дарттын оордугуна байланыштуу Туркия мамлекетинин дарыланууга муктаж болуп келет.

Ага ылайык, Төрага Чыныбай Турсунбеков аталган эки наристенин үйүнө барып, абалы менен таанышты. Алардын ата-энелери каржы тартыштыгынан улам балдарынын саламаттыгы үчүн күрөшүү оор болуп келгенин белгилешип, Төрагага көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти. Алсак, Айас Исагалиевдин чоң энеси Батма Чикиленова: “Босогобузду аттап, неберемден кабар алганыңыз эле бизге чоң канагат болду. Үмүтүбүзгө үмүт коштуңуз, буйруса, неберем аман-эсен айыгарына ишенем”, – деди.

Кошумчалай кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбеков Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу “Аэродром” участкасына жер көчкүдөн улам жер которуп келген Бурмакан Жолболдиева аттуу улгайган энеге да салып жаткан тамына керектеп алуу үчүн жеке резервдик фондунан 50 миң сом тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий