• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Турсунбеков: Шайлоодо туура эмес жол менен алдыга чыкканча, татыктуу жеңилип берген артык

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Талкуу учурунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандын башкы артыкчылыгы демократиялык негизде ачык-айкын өткөрүлгөн шайлоо өнөктүгү экенин белгиледи. “Дүйнө бизге жогору баасын берип, акыркы шайлоолордун мыкты уюшкандыкта өткөнүн ачык айтып келишет. Андыктан, ушул багытыбыздан тайбай, демократиялык чакырыктарды бекем карманган өлкө катары быйылкы Президенттик шайлоону да татыктуу өткөрүп алалы”, – деди ал.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы талапкерлерге бирдей шарттарды түзүү менен үгүт иштеринде мыйзамсыздыктарды болтурбоо керектигине токтолду. “Туура эмес жол менен алдыга чыкканча, татыктуу жеңилип берген артык. Талапкерлер менен катар ар бир Кыргызстандын жараны өлкөнүн келечеги үчүн шайлоонун таза өтүшүнө өз салымын кошушу зарыл. Анткени бийликтин туткасы эл”, – деп кошумчалады Ч.Турсунбеков.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо иш-чарасы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий