• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Турсунбеков: "Шериктештик балдары" форуму баардык катышуучулардын эсинде жагымдуу эскерүүлөр менен каларына ишенем"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко баштаган "Шериктештик балдары" эл аралык маданий-билим берүү форумунун баардык катышуучулары жыйынтыктоочу маданий салтанатка катышты. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

«Рух-Ордо» маданий комплексинде уюштурулган концертте КМШга кирген өлкөлөрдөн форумга катышуу үчүн келген мектеп окуучулары өз өнөрлөрүн көрсөтүп, маданияты менен да тааныштырышты.

Иш-чарада Төрага Чыныбай Турсунбеков "Шериктештик балдары" эл аралык маданий-билим берүү форуму баардык катышуучулардын эсинде жагымдуу эскерүүлөр менен каларына ишенерин белгилеп: "Билим берүү программаларынын жана түрдүү ийримдердин алкагында шериктештиктин ар кайсы өлкөрүнөн келген балдарды достоштуруу форумдун башкы максаты эле. Айрыкча, тарыхый жактан тыгыз байланыштагы мамлекеттердин келечек муунун биримдикке үндөө менен биргелешип иш алып баруусун камсыздоо башкы багыттарыбыздын бири болгон. Буйруса, бул максаттарына да жетти, мындан ары да мындай иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат деген үмүттөмүн. Анткени, салттуу түрдө Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүп келе жаткан "Шериктештик балдары" форуму пикир алышуунун гана аянты болбостон, келечектеги кызматташтыктын башталышы да болоруна ишенимим чоӊ", - деди.

Аталган форум ар кайсы элдердин маданияты менен да таанышууга шарт түзгөнүн айткан Чыныбай Турсунбеков, балдарды бири-бирин унутпай, байланышып турууга чакырды. "Меймандос кыргыз эли, көз тайгылткан жаратылышыбыз жана касиеттүү Ысык-Көлүбүз силерди дайым күтөт. Жыл сайын көл жээгинде жолугушуп, тарыхый достугубузду уланта бергиле", - деп кошумчалады. Андан тышкары, балдар өлкө келечеги экенин белгилеп, ата-эненин камкоордугу жана татыктуу тарбиясы менен чоӊойгон ар бир бала мыкты инсан болорун билдирди.

Ал эми Россия Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко форумду уюштурган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине, парламенттин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго ыраазычылык билдирип: "Биздин аталарыбыз биргеликте космосту багынтып, Улуу Ата мекендик согушта жеӊишке жетишишкен. Алардын достукка жана ынтымакка ширелишкен улуу жолун улантуу шериктештикке мүчө мамлекеттердин ар бир жаранынын милдети. Биз тыгыз кызматташтык жана жакындан пикир алмашуу аркылуу бардык тармактагы алакаларды арттырабыз. Өзүбүздү өнүктүрүп, өлкөбүздү гүлдөтөбүз", - деди.

Эске салсак, КМШ курамына кирген өлкөлөрдүн "Шериктештик балдары" эл аралык маданий-билим берүү форуму Жогорку Кеңеш жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы (КМШ ПАА) тарабынан жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде ырааттуу өткөрүлүп келет.

Форумдун башкы максаты ар кандай билим берүү тутумуна ээ КМШга мүчө-мамлекеттердеги мектеп окуучулары менен жаштардын жетишкендиктерин арттыруу жана нравалык, маданий салттык дүйнө таанымын байытуу үчүн алардын пикир алмашуусуна шарт түзүү болуп саналат.

Быйылкы форумга Армения, Беларусь, Молдова, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандан келген балдар катышууда.

Пикир

Оставить комментарий