• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Турсунбеков Сузактагы табият кырсыктарынан улам жер которууга аргасыз болгон жарандардан кабар алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Жалал-Абад облусундагы эки күндүк иш сапары кечээ, 5-октябрда Сузак районунда уланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жер көчкүдөн улам Кашка-Терек жана Көк-Булак айыл аймактарына жер которууга аргасыз болгон жарандардын жашоо шартынан кабар алган Төрага Чыныбай Турсунбеков жаңы бөлүнгөн жер тилкелердеги курулуштардын жүрүшү менен да таанышты.

Жергиликтүү айыл тургундары жолугушуу учурунда көйгөйлүү маселелери тууралуу билдирип, жаңы өздөштүрүлүп жаткан аймактагы суу, жол, электр жарыгы сыяктуу күнүмдүк муктаждыктарын чечип берүүнү өтүнүштү. Баардык айтылган көйгөйлөрдү эске аларын белгилеген Чыныбай Турсунбеков: “Кыргыз эли башынан эле бирин-бири колдоп, көмөктөшүп көп көйгөйдү чечип келген. Андыктан, баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак, кыйчалыш маселелердин баары артта калат”, – деди. Буга кошумча, Кашка-Терек айылынан журт которгон жарандарга бөлүнгөн “Аэродром” участкасындагы ички жолдорду жасоо үчүн керектүү болгон 350 миң сомдун 200 миңин дароо тапшырып, калган 150 миң сомун да Төраганын жеке фондунан берип жиберерин убада кылды.

Ал эми Көк-Булак тилкесинде олтурукташып жаткандарга жардам катары 300 миң сом берди. Ошондой эле, Өкмөткө аталган айылдагы республикалык бюджеттин эсебинен 50 млн. сом акча каралып, курулушу башталган 150 орундуу мектепти жаңы жылга чейин бүткөрүүнү тапшырды.

Эске салсак, Сузак районунун бир катар айылдарындагы кооптуу аймакта жашаган элеттиктерди көчүрүү иши улантылып, аталган эки конушта курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий