• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Турсунбеков ТүркПАнын байкоочулар миссиясын кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын атынан Кыргызстандагы президенттик шайлоого мониторинг кылуу үчүн келген эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Чыныбай Турсунбеков ТүркПАга мүчө парламент төрагаларына Кыргызстандагы президенттик шайлоого көрүлгөн даярдык жана анын жүрүшүнө эл аралык байкоо салууга делегация жөнөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Төрага ТүркПАнын шайлоолорго мониторинг кылуу тажрыйбасы артып бара жаткандыгын белгилеп, мындай жетишкендик Ассамблеянын эл аралык деңгээлдеги аброюн арттырарын кошумчалады.

Андан тышкары, “Сиздер биздин өлкөдөгү шайлоолорго бир канча ирет байкоо салгансыздар жана ТүркПА миссиясынын бүтүмү ар дайым бейтараптуулугу жана ачык-айкындуулугу менен айырмаланат”, – деген Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан үчүн дүйнө коомчулугунун баасы өтө чоң мааниге ээ экендигине токтолду.

Буга кошумча, 13-октябрда Санкт-Петербург шаарында уюштурулган Парламенттер аралык Биримдиктин 137-ассамблеясынын алкагында ТүркПАга мүчө парламенттердин өкүлдөрү менен болгон бейрасмий жолугушууларда Ассамблеянын жетинчи жыйынын Бишкек шаарында ушул жылдын 7-8-декабрында өткөрүү чечими кабыл алынганын билдирди.

Өз кезегинде Азербайжан Улуттук Межлисинин депутаты Низами Жафаров Кыргызстандагы шайлоонун мыкты уюшкандыкта өткөнүн белгилеп, шайлоо өнөктүгү бардык демократиялык эрежелерге ылайык ачык-айкын болгонун айтты. “Биз Кыргызстандын эли тандаган Президентти куттуктайбыз. Ал ТүркПА жана ага мүчө мамлекеттер ортосундагы алакаларды өнүктүрүүгө болгон күчүн жумшайт деген ишеничтебиз”, – деди Низами Жафаров.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары Ысык-Көл облусундагы бир катар айылдардагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо салышканын билдиришип: “Кыргызстан бурмалоолорго жол бербеген жаңы технологияларды колдонуу менен шайлоо жараяндарын уюштурууда чоң кадам таштады”, – деп кошумчалашты.

Белгилей кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбеков менен болгон жолугушууга Казакстан парламенттик Межлисинин депутаты Нурлан Дулатбеков, Сенатынын депутаты Сарсенбай Енсегенов, Туркиянын Улуу Улуттук жыйынынын депутаты Фейзуллах Кыйыклык жана Эркан Айдын, андан тышкары ТүркПАнын Башкы катчысы Жандос Асанов катышты.

Пикир

Оставить комментарий