• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Турсунбеков: "ЖК өнөр жай тармагын өнүктүрүү аркылуу өлкө экономикасын күчтөндүрүүгө кызыкдар"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун (ЮНИДО) башкы директору Ли Йонг менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, байланыштарды мындан ары да кеӊейтүү тууралуу пикир алмашты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков акыркы жети жылдан бери демократиялык өнүгүү жолун тандап алган Кыргызстанда экономикалык өсүш ырааттуу түрдө жүргүзүлүп жатканын белгиледи. "Айыл-чарба, кызмат көрсөтүү, курулуш тармактарында жетишкендиктер арбын. Айрыкча, өнөр-жай тармагындагы өсүш 36%ды түзүп, өлкөнүн ички дүӊ продукциясынын көлөмү да артууда. Жигердүү өнүгүү үчүн Кыргызстан ЮНИДО баштаган бир катар эл аралык уюмдар менен кызматташууга кызыкдар", - дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы. Ошондой эле, ал 2040-жылга чейинки мамлекеттин туруктуу өнүгүү стратегиясы иштелип жатканын маалымдап, аталган стратегиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан "Таза коом" долбоору сунушталып, электрондук өкмөттү түзүү жана өлкөдөгү ачык айкындуулукту камсыздоо максаты коюлгандыгын маалымдады. "Таза коом" долбоору жарандардын социалдык-укуктук мүмкүнчүлүктөрүн да камтып, коопсуз жашоо жагдайын жаратууну көздөөрүн, анын алкагында кызматташуу зарылчылыгын белгилеген Чыныбай Турсунбеков энергетика, жеӊил өнөр жай, айыл-чарба тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуулугуна токтолду.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин Төрагасы 2018-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү боюнча ЮНИДО менен биргелешкен программа иштеп чыгууга Жогорку Кеӊеш даяр экендигин айтты. "Жогорку Кеӊеште өнөр жай тармагын өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн экономикасын күчтөндүрүү маселеси көтөрүлүп келет. Ошондой эле, эл аралык байланыштарды бекемдөө парламенттин артыкчылыктуу багыттарынын бири", - дейт ал.

Өз кезегинде ЮНИДОнун башкы директору Ли Йонг Борбор Азиядагы демократиялык жетишкендиктери аркылуу өзгөчөлөнгөн Кыргызстан менен кызматташуу уюмдун башкы максаты экендигин белгиледи. «Биз биргелешкен чакан жана ири өнөр-жай долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу байланыштарды мындан ары да чыӊдай алабыз. Айрыкча ЮНИДО уюму Мамлекеттер аралык өнөктөштүк программасы алкагында да Кыргызстан менен кызматташууну мерчемдөөдө», - деген Ли Йонг аталган программа тууралуу учкай маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий