• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Турсунбековдун Нарын облусундагы иш сапары Кочкордон башталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Нарын облусундагы эки күндүк иш сапары кечээ, 10-октябрда Кочкор районунан башталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Чыныбай Турсунбеков аталган райондун Жаңы-Жол айылына барып, Т.Темиров атындагы орто мектептин абалы менен таанышты.

Окуу мекемесинин жанында курулуп жаткан спорт залын да көрүп чыккан Төрага: “Мектеп билим берүүнүн гана очогу болбостон, балдардын саламаттыгын чыңдай турган жай катары да кызмат кылышы керек. Андыктан, ар бир мектептин спорт залын заманбап шарттар менен камсыздап, окуучулардын толук кандуу машыгуусун колго алышыбыз зарыл”, – деди.

Ошондой эле мугалимдер жамааты жана окуучулар менен жолуккан Чыныбай Турсунбеков билимдүү жаштар, өнүккөн өлкөнү курарын белгилеп: “Билим издеп, өнөр үйрөнүү бүгүнкү күндүнталабы. Анткени, мектептен алынган билим кийин каалаган кесипке ээ болууңарга өбөлгө болот. Ал эми билимдүү адис өзүн эле эмес, өлкөсүн өнүктүрөт. Ошондуктан, татыктуу тарбия алып, ар тараптуу инсан болууга аракет кылгыла”, – деди.

Андан сырткары, мугалимдерди өтүп кеткен кесиптик майрамы менен куттуктаган Жогорку Кеңеш Төрагасы, мектепке материалдык жардам менен кошо интерактивдүү заманбап такта белек кылды.

Белгилей кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбековдун эки күндүк Нарын облусундагы иш сапарын Жогорку Кеңештин депутаттары Н.Макеев, К.Жолдошбаев жана бир катар министрликтердин өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий