• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Туруксуз аба ырайы күтүлүп, сел жүрүшү мүмкүн - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. 14-15-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт,-деп кабарлайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 21…26°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 23…28°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 18…23°, тоолуу райондордо 13…18°, бийик тоолуу райондордо 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий