• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Туруксуз аба ырайы күтүлөт. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 27-майда күндүз жана 28-29-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 28-майда кээ бир райондордо, 29-майда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий