• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. 2017-жылдын 6-7-июнунда аба ырайы туруксуз болот. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, бүгүн, 6-июнда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаанчачындарга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Мындан улам суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Ошондой эле, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: дыйканчылык аймактарында 20...250, тоолуу райондордо 7...120, бийик тоолуу райондордо 0...50 жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий