• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Туруксуз аба ырайы жазгы талаа жумуштарынын темпинин төмөндөшүнө алып келди

Коом 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Мартта белгиленген туруксуз аба ырайы жазгы талаа жумуштарынын темпинин төмөндөшүнө алып келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет

Ошентип, ушул жылдын 23-мартына карата жалпы республика боюнча жаздык өсүмдүктөр 105,6 миң гектарга себилди, бул былтыркы жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 25 пайызга аз.

Үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата жаздык арпанын айдоо аянты өткөн жылдын ушул эле күнүнө карата 31,2 пайзды, жаздык буудай 28,6 пайызды, көп жылдык чөп 9,4 пайызды, картошка - 6,8 пайызды, жашылча - 5,6 пайызды, май өсүмдүктөрү - 3,7 пайызы түздү.

22-мартына карата жаздык өсүмдүктөрдү түрлөрү боюнча себүү

Нет описания.

2021-жылдын 23-мартына карата жаздык өсүмдүктөрдүн эң көп аянттары Чүй облусунун чарбаларында эгилген бул, 2020-жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу жаздык эгин себилген аянттын 45,0 пайызы, Ош (25,7 пайыз), Баткен (16,0 пайыз) жана Жалал-Абад (12,0 пайыз) облустарынын чарбаларында себилди, жаздык эгиндин эң аз аянттары Ош шаарынын (0,8 пайыз) жана Талас облусунун (0,5 пайыз) дыйкан чарбаларында себилген.

22-мартына карата жаздык өсүмдүктөрдөн аймактар боюнча себилиши

Нет описания.

Мындан тышкары март айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү 48,2 миң гектар аянттагы күздүк эгиндери азыктандырылды жана 138,3 миң гектар жазгы айдоо аянты айдалды.

Пикир

Оставить комментарий