• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 02.09.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн

камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тапшырылат:

— Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоодогу эки айлык керектөөнү жабууга резервди топтоону камтыган Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү;

— бул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү.

Пикир

Оставить комментарий