• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын илгерилетүү максатында ЖМК өкүлдөрүнө семинар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн жана Кыргызстандын мониторинг жана баалоо улуттук тармактарынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан «2030-жылга чейинки мезгилде Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби жөнүндөгү Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын илгерилетүү темасында семинар өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

2015-жылдын сентябрь айында болуп өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 70-сессиясында, БУУга мүчө-мамлекеттердин катарында Кыргыз Республикасы дагы «Биздин дүйнөнүн кайра өзгөрүүсү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартип» Резолюциясын колдогон.

Туруктуу өнүгүүнүн максаттары – бул 2030-жылга чейин БУУнун мүчө-мамлекеттери тарабынан жетишүүгө макулдашылган 17 глобалдык максаттар жана 169 тиешелүү маселелер. Туруктуу өнүгүүнүн максаттары комплекстик жана бөлүнбөй турган мүнөздө болуп, туруктуу өнүгүүнүн үч компонентин, экономикалык, социалдык, экологиялык теңделишин камсыздайт жана жакырчылыкты жоюуга, планетанын ресурстарынын сакталышына, адамзаттын жашоосунун табигый негизин сактоонун зарылдыгы тастыкталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө, Туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана 2020-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи жолу Улуттук ыктыярдуу баяндоосу өткөрүлүп жаткандыгы жөнүндө ЖМК өкүлдөрүнүн кеңири маалымат алуусу өтө маанилүү экендигин жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларды ЖМКларда ар дайым чагылдырып туруу зарыл экендигин белгиледи.

Семинардын катышуучулары окутуу жараянында, жакырчылыкты жоюу, планетаны коргоо, жалпы адамзатка тынчтыкты жана өркүндөп-өсүү боюнча универсалдык аракеттерге үндөгөн Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттары менен таанышышты. Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүгө, келечек муунга планетаны жакшы абалда мураска калтыруу үчүн, мамлекеттик органдардын, ЖМКлардын, жеке сектордун, жарандык коомчулуктун жана жарандардын кызматташуусун талап кылат.

Бул багыттагы чаралар мамлекеттик органдар, ошондой эле башка уюмдар тарабынан дагы жүргүзүлүшү кажет.

Пикир

Оставить комментарий