• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо фонду түзүлдү

Коом 0

Бишкек. 08.04.19 /Кабар/. Бизнес-долбоорлорду даярдоо боюнча жаңы инструменттерди түзүү жана ишкерлерге каржылоо алууда көмөк көрсөтүү максатында БУУӨПтүн техникалык колдоосунда Экономика министрлигинин алдында капиталы 400 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү Туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо фонду түзүлгөн.

Азыркы мезгилде Фонд каржылай турган артыкчылыктуу бизнес жана инвестициялык долбоорлордун тизмеси түзүлгөн.

Долбоорлорду даярдоо фонду потенциалдуу бизнес-долбоорлорду аныктайт жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан жана башка эл аралык финансылык институттардан каржылоо алуу үчүн сапаттуу бизнес жана инвестициялык долбоорлорду даярдоого көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин көрсөтөт.

2018-жылдын декабрында түшкөн өтүнмөлөр алдын ала талкууланып, айыл чарба жана кайра иштеп чыгуу, балык чарба, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү сыяктуу секторлор боюнча Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынан 7 бизнес-долбоор тандалган жана ТЭН иштеп чыгууга бекитилген.

Мындан тышкары юридикалык компанияларды каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу максатында 2018-жылдын 15-ноябрынан 31-декабрына чейин тесттик режимде юридикалык жактардын онлайн каттоосу www.minjust.gov.kg сайтында ишке киргизилген.

2019-жылдын 1-мартынан 2020-жылдын 1-январына чейинки мезгилде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоор өткөрүлүүдө.

Аны менен катар бизнес менен аракеттенүү үчүн онлайн-платформа ишке киргизилди.

Көйгөйлүү маселелер боюнча бизнес менен ыкчам аракеттенүү жана ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүү максатында www.mineconom.gov.kg сайтында онлайн-платформа, чат жана тиешелүү мобилдик тиркеме ачылган.

Пикир

Оставить комментарий