• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Туу жана Ак калпак күнү. Жалал-Абад шаарында салтанаттуу иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарындагы "Эркиндик" аянтында Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгы жана 5-март - Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары, студенттер жана окуучулар катышты.

Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгы,жана Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен жалпы элди куттуктап, эркиндиктин желеги болгон туубузду коргоо, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү ыйык милдет экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, иш-чарада жөө жүрүш, салтанаттуу аскердик парад өтүп, чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий