• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн каттоо иштерин өзгөчө кырдаал бүткөндө кылса болот - Мамбеталиев

Коом 0

Бишкек, 22.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн каттоо иштерин өзгөчө кырдаал режими бүткөндө кылса болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

"Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн мыйзам чегинде 1 айдын ичинде каттоодон өтпөсө айыппул каралган. Бирок учурдагы абалды эске алуу менен күбөлүктү алуу үчүн каттоо иштерин өзгөчө кырдаал режими аяктаганда кылган жарандарга айыппул салынбарын эске салабыз", - дейт Мамбеталиев.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий