• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Туура кесип – келечек кепилдиги”. Ошто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Ош шаарында 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Туура кесип-Келечек кепилдиги” деген форум болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Туура кесип- Келечек кепилдиги" платформасынын максаты - келечек жаштарын кесипке багыттоо үчүн республикалык жана аймактык жолугушууларды, тренингдерди уюштуруу болуп саналат.

Форумдун башталышында окуучулар атайын орнотулган экспо зоналарда башталгыч, орто кесиптик жана жогорку окуу жайлар менен таанышышты. Жалпысынан 15 окуу жайдын экспо зонасы болду.

Андан соң, өз кесибинин мыкты адистери актуалдуу темалар боюнча презентацияларды бүтүрүүчүлөргө тартуулады.

Аталган иш-чарага 800дөн ашык мектеп окуучусу, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбеков, медицина илимдеринин доктору, профессор Рыспек Абдылдаев, “Жашыл чарба” компаниясынын негиздөөчүсү Тилек Токтогазиев, Сигма Софт It компаниясынын директору Медер Кутбидин уулу катышты.

Пикир

Оставить комментарий